"Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болушу керектигин мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов да айтты. Муну экс-премьер бүгүн, 8-октябрда маалымат булактарынын бирине билдирди. "Кумтөр" боюнча менин позициям - алгачкы келишимге кайтып, Кыргызстандын үлүшүн 67 пайыз кылуу туура",- дейт ал. Ал эми "Кумтөр" келишимин денонсациялоо талабын көтөрүп жаткан митингчилер боюнча: "Мен акыйкаттыкка умтулган жарандарды колдойм",- деди Бабанов. Белгилей кетсек, буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болушу керектигин айтып келген.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.