Саруу айылында жол тосуп турган митингчилердин бир талабы аткарылганы айтылды. Алар Караколдогу баш аламандыкка күнөөлөнүп кармалгандарды бошотууну талап кылып жатышкан эле. Чогулгандардын атынан 6 өкүл түштөн кийин Жети-Өгүз райондук администрациясына барышып, сүйлөшүү жүргүзүп келишти. Алардын айтымында, кармалган 23 жарандын 21и бошотулду, ал эми Нарис Калчаев менен Улан Чекиров азырынча кармалып турат.