Биз социалдык тармакта

Чүйдө турак үйдөн газ түтүгү жарылып, 13 жаштагы бала каза болду (сүрөт)

Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып кетти. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 11-февралда ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдө орун алды.

"Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган Д.Ж. аттуу эркек бала каза болуп, дагы 1 эркек киши жабыркады (аты-жөнү такталууда).

Кырсык катталган жерге саат 15:00дө 5 куткаруучу, саат 15:05те штаб жана газ кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жаран ооруканага жеткирилди, абалы канааттандырарлык", - дешти мекемеден.

Чүйдө турак үй жарылып, 13 жашар бала каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-02-11 22:27:52
Ким куноолу эми? Байкуш бала жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан