Садыр Жапаров:"Биздин мамлекетте кадрдык таңкыстык бар"

Бүгүнкү күндө биздин мамлекетибизде кадрдык таңкыстык бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген маегинде сүйлөп жатып билдирди.

"Албетте муну моюнга алышыбыз керек. Анткени 30 жылдан бери жалаң эле таяке-жээн, таяке-бөлө, карын-бөлө, тааныш-билиштерди кызматка тарта берип, илгерки Союз мезгилиндеги кадрларды адистик кезинен баштап тепкич-тепкич менен даярдаган институт жок болуп калган. Ошондуктан кадрдык таңкыстык бар. Кимди гана албайсың, жаш кадрды алып келип коюп койсоң, анын тажрыйбасы жетишсиз болот. Ошол тармакты тартып кете албайт, мына ушундай көйгөйлөр жаралууда", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан