11-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабрлады.
Ага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мэр Эрнисбек Ормоков, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан. Сессияда 2021-жылдын бюджети каралып, долбоор депутаттардын талкуусуна коюлган.
"Калаа казынасындагы акчаны натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу багытында эл өкүлдөрү бир катар суроолорду узатып, сунуштарын ортого салышты. Депутаттардын суроосуна мэр өзү жооп берип, бюджеттин долбоору менен тааныштырды. Талкуудан соң депутаттар калаанын бул жылга карата бюджетин бир добуштан колдоп беришти.
Натыйжада Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети 528 миллион сом деп бекитилди. Бул сумма өткөн жылдан 37 миллион сомго көп. Сессияда мындан сырткары шаардык кеңештин 2021-жылга карата иш планы, мэрия менен шаардык стат бөлүмүнүн ортосундагы келишим бекитилди", - дешти мекемеден.