"Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону болушу мүмкүн", - деп Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
Долбоордун алкагында "Сиз мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетти башкарып турганда “Сооронбай Шариповичтин кемчилигин көрө албай жатам” деп айткансыз. Азыр деле ошол ойдосузбу?" деген суроо берилди.
"Мен Сооронбай Шарипович менен иштешкенде анын мамлекет, эл деп күйгөнүн баалап ошол сөздү айткам. Албетте, колдон келишинче аракеттерди жасадык. Турмуш деген ошол экен. Октябрда элдин толкундоосу менен бийлик алмашып кетти. Мен азыр депутат катары айтып кетейин, ошол убактагы биздин аракетибиз Кыргыз мамлекетин алдыга жылдыруу ниетибиз бар болчу. Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Эң негизгиси элдин ырыскысын, мамлекеттин байлыгын уурдаган жокпуз. Кемчиликтер болду. Ошонун туурасын кабыл алып оңдоого аракет жасадык.
Сооронбай Шарипович мамлекетке кыянаттык кылган жок. Кемчилиги коомчулукта айтылган кайрылууларга ошол убакта көңүл бурбай койгону болушу мүмкүн", - деди ал.