Рыскелди Момбеков: "Сурабалдиева экөөбүздү "үйлөндүрүп" салышкан сүрөттөн кийин алыс жүрөлү дедим"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна маек берип жатып интернетте талкууга алынган вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева менен түшкөн сүрөтүнүн баянын айтып берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Талас облусунда парламенттик шайлоого карата үгүт иштеринин жүрүшүндө тартылган.

"Ата-Мекен" партиясы үгүт иштерин ырымдап Манастын кичи мекени болгон Талас облусунан баштады. Манастын күмбөзүнө куран окуганы барганда Эльвира Жыргалбековна менин жаныма отуруп калыптыр, мен аны байкаган деле эмесмин. Үгүт иштеринде Наталия Никитенко, Жибек Шарапова жана Эльвира Сурабалдиева болуп 3 айым биз менен чогуу жүрүшкөн. Анан эле Сурабалдиева экөөбүздүн сүрөтүбүздү "үйлөндү" деп чыгарып жиберишиптир, аны мага "бизди үйлөнтүп салышыптыр" деп биринчи Эльвира өзү көргөздү. Көргөндө эле баарыбыз каткырып күлдүк. Кечинде биздин айылда, Шекерде болдук. Келинчегиме сүрөттү көрсөтүп, сен бул жакта тамак кылып жүрөсүң, тигил жакта бизди үйлөндүрүп коюптур деп тамашаладым. Бул эми күлүп коё турган эле нерсе. Негизи Эльвира Жыргалбековна экөөбүз бир фракциянын мүчөсүбүз. Кесиптешпиз, сый мамилебиз бар. Ал сүрөт чыккындан кийин дагы бир нерселерди ойлоп табышпасын деп алысыраак жүрөлү дедим", - деди Момбеков.

Мындан сырткары депутат өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу айта кетти.

"Менин келинчегим Кушубекова Назира, Талас районунан болот. Өзгөчө кесиптин ээси. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сабак берет. Улуу балам Равшан 16га келип калды, андан кийин Рахат жана Роза деген эки кызым бар. Өзүмдү бактылуу ата сезем, анткени ажарлуу жубайым, таланттуу балдарым бар", - деди эл өкүлү.

Рыскелди Момбеков: “Бүгүнкү популисттер-эртеңки аферисттер“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
umarbey
2020-12-27 11:35:52
Jegich, cho jegich siz bolosuz.
0
Shanson
2020-12-27 12:50:46
"Куш боо бек болсун" эми.
Экинчи аял кылып алып алсаңыз деле болот ))
+9
alisheran
2020-12-28 01:56:47
Asel69 сен Садырдын аферист экенин кайдан билесин бардык жерге жаман комментарийлерди жазат экенсин тообо...Биздин умутубуз С.Жапаровдон чон буйруса...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан