SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов болду.
Анда ага Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп чыкканы боюнча суроо берилди.
"Өзүмдүн жигиттик позициямды билдирип коюшум шарт. Мен өзүмдүн адамдык сапатымды, табиятымдагы мүнөзүмдү көрсөтүшүм керек. Биздин мамлекетте саткынчылык деген оору жайылып, коомду булгаганы жүрөт. Бийликке келгендерге кол чаап, кеткенден кийин жамандашат. Кайсы бир адам партия түзүп, колунан иш келип турганда жанына барышып, апталап күтүп жүрүшчү. Ал адамдын башына кара булут каптаганда телефондорун өчүрүшүп жоголуп кетишет. Ал адамды абакка камаганда жанындагы кошоматчыларды таппай каласың. Биз саткын эмес экенибизди көрсөтүшүбүз керек. Райымбек Матраимовго Кыргыз мамлекетинин патриоту катары баа берсек болот. Райымбек Матраимов менен ага-ини болгонума сыймыктанам. Аны каралоо чет өлкөлүктөрдүн, кайсы бир уюмдардын, саясатчынын долбоору болчу. Ишкерлерге шарт түзгөн адамды эмне үчүн көрө албастык менен каралашыбыз керек? Канчалаган ата-энеси жок балдардын башын сылап, спортчуларга жардам берип келген", - деди ал.