Улукбек Марипов бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу негизги призма болуш керек экенин айтты (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишин пландаштырууда негизги призма катары бюджеттик каражаттарды өз учурунда жана рационалдуу пайдалануу болушу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов 2020-жыл үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешмеде билдирген. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу тууралуу баяндамасы, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн алган каражаттардын басымдуу бөлүгү туура келген транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жоопкер мамлекеттик орган жетекчилеринин баяндамалары угулган.

Анда белгиленгендей, 2020-жылы мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу алкагында план боюнча 18,6 миллиард сом каралса, анын 15,7 миллиард сом өлчөмүндөгү каражаты өздөштүрүлгөн. Бул иш 83 пайыз аткарылган дегенди түшүндүрөт. Мында өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү алгач бекитилген планга салыштырмалуу болгону 67 пайызды түзгөн. Акыркы алты жыл ичинде мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү алсыз жүрүп жаткандыгы байкалууда. Тактап айтканда, өздөштүрүлбөгөн каражаттардын негизги бөлүгү транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттыкты сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга тийиштүү.

"Биздин ишибиздеги негизги бенефициар катары бизден оңдуу өзгөрүүлөрдү күтүп жаткан элибиз болуп саналат. Ошондуктан бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн", - деген Улукбек Марипов.

"Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, тармактык органдар бул багыттагы ишти күчтөндүрүүсү керек. Ал эми мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жеке жоопкерчилик тартат.

Өкмөт башчы Экономика жана финансы министрлигин мамлекеттик инвестициялар долбоорун сапаттуу мониторингдөөгө жана координациялоого чакырды. Мындан тышкары долбоордун дизайнын алгачкы баскычта сапаттуу иштеп чыгуу аны келечекте ишке ашырууда олуттуу мааниге ээ болот. Буга байланыштуу Улукбек Марипов жаңы долбоорлорду социалдык-экономикалык натыйжалуулукка басым жасоо менен тыкыр даярдоону тапшырды.

"Мен Өкмөттүн жаңы курамынан коюлган милдеттерди бекитилген мөөнөттөргө ылайык, так аткарылышын талап кылам. Ар бирибиз жеке каражаттардын чектелгендигине байланыштуу инвестициялар экономиканы, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүүдө чоң роль ойной тургандыгын мыкты түшүнүүбүз керек. Мамлекеттик инвестициялар программасы – республикалык бюджеттин чыгымынын 1/5 бөлүгүн түзөт жана ал экономиканы өнүктүрүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет", - деди өкмөт башчы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашырууда пландаштырууну жана мониторингдөөнү жакшыртуу, ошондой эле иш процессин оптимизациялоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан