"Ар жекшембиде өтүп жаткан митингдердин артындагы күчтөрдү билем". Садыр Жапаров өлкөгө бүлүк салууну көздөгөндөрдүн жетегине түшпөөгө чакырды

"Кыргыз өлкөсүнө бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула деп буйрук берип турган күчтөрдү билебиз", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде.

Жапаровго "Райым Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен эле бошотуп жиберди. Буга эл нааразычылыгын айтып жатышат. Райым Матраимовдун иши ушуну менен бүттү десек болобу?", - деген суроо узатылып, президент суроого төмөнкүдөй жооп берген.

"Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз.

Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп турушу керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот.

Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, «Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Башаламандык болуп кетсе, алар элдин тагдырына жооп бербейт", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан