Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. “Узак убакытка созулган кургак аба ырайынан кийин 10-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет”,- деп билдирди ӨКМ.
Аба ырайынын катаалдыгы өрөөндөрдө айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, жайыттарда малды кармоонуу кыйындатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.
“12-13-октябрда Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде 0…-3°С үшүк жүрүшү күтүлөт, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу”,- деп маалымдалды.