Ырчы Омар уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кудай буюрса уулдуу болдум. Аман-эсен көз жарып алды. Чын жүрөктөн элине жерине кызмат кылган, ыйманы бар, адамгерчиликтүү уул болсун деп тилеп жатам. Бирок ысымын дагы да ойлонуп жатабыз. Уул балага кыргыз тилинде мааниси бар ысым болсо, сунуштаңыздар", - деген билдирүүсүн калтырган.
Ырчы Омар менен жубайы Диана айым экинчи ирет ата-эне макамын алышты. Жубайлардын ортосунда бир кызы бар.