Алмазбек Атамбаев: "Өлкөдө тополоң уюштургандар аппак болуп чыгып, карапайым жарандар жоопко тартылып калышы мүмкүн"

"Өлкөдө баш аламандык уюштургандар күнөөсүз, аппак болуп чыгып, аларга алданган карапайым жарандар жоопко тартылып калышы мүмкүн",- деди президент Алмазбек Атамбаев түркиялык насыянын эсебинен келген техникаларды тапшыруу аземинде. Караколдогу митинг жана облус башчы Эмил Каптагаевдин барымтага алынышы боюнча: "Бензин чачып адамды өрттөөгө аракет кылуу бул чоң кылмыш",- деди президент. Ал эми түркиялык насыянын эсебинен төмөнкү техникалар келиптир: 

49 экскаватор 

7 бульдозер 

7 кран 

40 жүк жүктөөчү техника 

30 жүк ташуучу автоунаа 

55 жеңил автоунаа (пикап) 

40 грейдер

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан