Бишкекте 17-октябрда 50 жаштан улууларга жана ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу 8-октябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек башкармалыгынан маалымдашты. “Жарманке ишке орношууда кыйынчылыктарга туш болуп жаткан адамдарга жумуш табуу үчүн эффективдүү жол болуп саналат. Катышуучулар кесиптик билим, убактылуу жумушка орношуу, насыя алуу боюнча кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышат. Министрликтин Бишкек башкармалыгында өтүүчү жарманкеге 19 ишкана, уюмдардан 209 бош орундук сунушталат”,-деп билдиришти.