"Өкмөттүн "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүсүндө кылмыштуулуктун элементи жок",- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында. Премьер-министр эгер бул сүйлөшүүдө күнөөсү болсо, жооп берүүгө даяр экенин айтты. Жыйынга катышып жаткан башкы прокурор Аида Салянова "Кумтөр" келишими боюнча Айдар Акаев, Курманбек Бакиев жана Николай Танаевге кылмыш иши мурда эле козголгонун тастыктады. "Танаев боюнча 2005-жылы иш козголуп, 2007-жылы сыртынан айыбы угузулган. 2010-жылы Башкы прокуратуранын имаратында бул иштин документтери күйүп кеткен. 2013-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери боюнча тийиштүү документтер Орусияга жиберилди. Айдар Акаев боюнча дагы материалдарды Орусияга жөнөттүк. Ал эми Курманбек Бакиевге 2009-жылдагы келишим боюнча козголгон кылмыш иши бүтүү стадиясында турат",- деди Салянова. Башкы прокурор "Кумтөр" боюнча жалпы 9 кылмыш иши козголгонун кошумча кылды.