"Баткендеги "өгөй балдарына" өкмөт көңүл бөлсүн!". Бишкекте чек ара маселеси боюнча митинг өттү (видео)

Бүгүн, 15-февралда өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өттү. Атүгүл алар бул маселе боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу катын жолдошкон.

Кечээ, 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өткөн. Анда топтолгондор президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келише турганын билдиришкен. Айтымдарында, чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес.

Митингге бул маселе чечилет деп үмүт артып келгендердин бири Баткен районунун тургуну Азизбек Салибаев. Ал "өкмөт башына кайсы бийлик келбесин, чек ара маселесинде эл менен эсептешпей калды. Анын кесепети бизге тийип жатат.

Азыркы тапта да Тажик тарап биздин жерлерге бак отургузуп башташты. Ошондуктан өкмөт эл менен эсептеши керек болчу. Бизге бийлик өкүлдөрү элдин добушу керек болгондо эле келишет, андан кийин сыйпалап, таппай калабыз.

Чек ара маселесине байланыштуу жаңы президент Садыр Жапаровго да кат жолдогон элек, ага кат жолдогонубузга бүгүн 7 күн болот, бирок жооп болбой жатат", - деди.

Чек ара аймакта туулуп өскөн Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну Анас Масалиев кичинемден бери чек ара аймакта чыр-чатактарды көрүп чоңойдум дейт. Мындан улам ал чырларга чекит коюлуусун үмүт кылып нааразчылык акциясына катышкандардын агымына кошулган.

"Мен чек аралуу айылда өсүп чоңойдум, баарын өз көзүм менен көрүп өстүм. Айрыкча ал жактагы абал 2013-жылдан бери өтө кооптуу абалга кептелди.

Эки тараптын ортосунда чыр чыкканда ар дайым эки тараптуу келишимдер түзүлөт. Ал түзүлгөн келишимди Кыргыз тарап ар дайым аткарат, бирок коңшу тарап аткарбай келет. Алардын аткарбаганынын жыйынтыгында ар дайым чыр-чатак чыгып турат.

Мисалы быйыл да жаз келе жатканына байланыштуу коңшу өлкө менен жер, суу талаштар ырбап жатат. Анан биздин облус кадр маселсинен аксайт. Өкмөт маселени түшүнбөгөн адамдарды жетекчиликке койгондуктан алар кошуна менен тең ата сүйлөшө албай, жерлерибиз коңшу тарапка өтүп кетип жатат", - деди Масалиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен районунун Көк-Таш айылына коңшу Тажик тарап көчөт отургузуп жүрөт деген маалымат камтылган видеону окурман жиберген.
Жумушту чек арадан баштайбыз деген президентибиз Садыр Жапаровго жеткирип коюңуздар, өтүнүч! Ал "1 чакырым жер да башка жакка берилбейт" деп элди кубантты эле",- деген окурман.


Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери ортодогу тактала элек чек ара тилкесине жакын жердеги курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзмөй болушканын SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн маалымат кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, орток чечим кабыл алынганга чейин талаш жаратып жаткан жерди эки тарап тең пайдалана албайт.
Анткени Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын тактала элек чек ара сызыгына 500 метр жакын жерде курулуш жүргүзбөө тууралуу макулдашуу бар.

Бишкекте чек ара чырына байланыштуу митинг өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан