Жогорку Кеңеште бүгүн, 9-октябрда "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттардын суроолоруна Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт мүчөлөрү, "Кыргызалтындын" өкүлдөрү жана маселеге катыштыгы бар кызматкерлер жооп берүүдө. Сатыбалдиев депутаттарды сабырдуулукка чакырды. "Маселени саясатташтыра бербейли, ишти акырын сүйлөшүп эле чечсе болот. Келишимди денонсациялап коюуга менин саясий эрким жетет, бирок анын кесепетин ойлойлу. Эгер маселени чечели десек, бул жыйында конкреттүү сунуштарды айталы. Жок, эптеп эле азыркы өкмөттү кетирип, жаңысын алып келели десеңер, анда кеп башка. Жаңы өкмөт келсе эле "Кумтөр" маселеси чечилип калса жакшы болот эле го",- деди Сатыбалдиев.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.