Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Партиялар шайлоо күрөөсүн 11-мартка чейин төлөшү керек

11-мартка чейин шаардык кеңештерге ат салышкан партиялар шайлоо күрөөсүн төлөшү керек. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге 22-мартка чейин мөөнөт берилет. Бул тууралуу БШКдан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы саясий партиялардын ар бири 50 миң сомдон салымын кошушу керек. Башка шаарларда 20 миң сом, бир мандаттуу талапкерлердин күрөөсү 1 миң сомго чейин чектелет.

Ошондой эле БШКнын эскертүүсүнө ылайык, эгерде талапкер же партия бюллетендер даярдалгандан кийин катышуудан баш тартса, анда шайлоо күрөөсү аларга кайтарылып берилбейт.

Мындан тышкары, партиялар жана айылдык кеңештерге талапкерлер шайлоо фонддорун түзүп, документтери менен кошо күбөлүгүн тапшырышы керек. Каражаттарды сарптоо боюнча алгачкы отчеттор шайлоо күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирилбестен шайлоодон кийин 22-апрелге чейин берилиши керек.

Жергиликтүү кеңештерде шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан