Президенттик аппарат: "Садыр Жапаров интернет жылдызы Бекболотту аралыктан кабыл алышы мүмкүн"

"Президент Садыр Жапаров интернет жылдызы Бекболотту аралыктан кабыл алышы мүмкүн",- деп бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал Садыр Жапаров интернет жылдызы Бекболоттун видеолорун көрүп жатканын айтты. "Учурда Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Эгерде жакынкы күндөрү Бекболотту кабыл ала турган болсо аралыктан кабыл алышы мүмкүн же жолугушууну кийинкиге жылдырат",- деди Галина Байтерек.

Буга чейин Бекболот президент менен жолугушат деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Бекболот Ысык-Көлдүн Балбай айылына эки кабат мектеп салып бериңиз деп президент Садыр Жапаровго кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан