"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору, башкы редактор Эрнис Балбаков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка бүгүн, 16-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, Балбаков иштен өз арызынын негизинде бошотулган.