"Мен "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшүн 67 эмес, 105 пайыз кылгым келет, бирок ага мүмкүнчүлүк жок. 105 эмес, 67 пайыз кыла албайбыз",- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында. Премьер-министр аталган ишкана боюнча буга чейинки келишимдер бүт мыйзамдаштырылып калганын, аны өзгөртүү кыйын экенин айтты. Өкмөт башчы суроо узаткан депутат Улукбек Кочкоровго кайрылып: "Мисалы, сиз бирөөгө 100 миңге үйүңүздү саттыңыз дейли. 2 жылдан кийин кайра барып "2 жыл жашадың, мага кайра үйдү 100 миңге сат" десеңиз ал макул болобу же өзү каалаган баага сатабы? Ушундай эле нерсе болуп жатат",- деди.
Депутат Кочкоров өкмөт башчынын салыштыруусуна: "Андай эмес, бирөөгө бир үйүбүздү сатсак, ал келип короодо 3 үйүң бар экен, баарын бересиң десе унчукпай кармата беребизби?",- деген жооп узатты. Бул мисал келтирүүлөрдү төрага Асылбек Жээнбеков токтотту. "Үйдөн "Кумтөргө өткүлө",- деди төрага.
Сатыбалдиев: "Мен "Кумтөр" боюнча элден эч нерсени жашырган жокмун. Премьер-министр болбой калышым мүмкүн, бирок Кыргызстанда жашагым келет. Убагында кыргыз тараптын үлүшү 33 пайыз болгондо "мыкты келишим болду, президентке "Ак шумкар" наамын берели дейсиңер да, эми биз 50 пайызга көтөрүп койсок кылмыштуу макулдашуу түзгөн болуп калабызбы? Ошто жакшы сөз бар, "жебеген самсага пул төлөймбү?" деген. Убагында самсаны жегендер бүгүн кымыйып күлүп унчукпай отурушат",- деди.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.