Өкмөт башчы: "Кумтөрдүн" кызматкеринен канча айлык аларын сурасам, "ишиң болбосун" деди"
"Кумтөрдө" иштеген жумушчудан канча айлык аларын сурасам, "сиздин ишиңиз болбосун" деди". Муну өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" маселеси каралып жаткан парламенттин 9-октябрдагы жыйынында айтты. Ал жумушчу коңшулар угуп калса маалымат тарап кетет деп кооптонуп айтпай коюптур. "Эч кимге айтпайм, экөөбүздүн ортобузда гана калат десем да болбой койду",- деди өкмөт башчы. Маселени кароо уланууда. Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, "Кыргызалтын" ишканасынын өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.