Бишкекте бүгүн, 9-октябрда түрк насыясынын эсебинен келген техникаларды тапшыруу аземи болду. Ага президент Алмазбек Атамбаев, республиканын бардык облусунун суу чарба жетекчилери жана суу пайдалануучу бирикмелеринин жетекчилери катышты. Президент: "Президенттик мөөнөтүмдүн аякташына 4 жыл, 1 ай, 21 күн калды. Кызматтан кеткиче Кыргызстан гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулат",- деди. Ал эми айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев: "Берилген техника каражаттары Кыргызстандын өнүгүүсүнө пайда алып келсин",- деди.
Ал эми түркиялык насыянын эсебинен төмөнкү техникалар келиптир:
49 экскаватор
7 бульдозер
7 кран
40 жүк жүктөөчү техника
30 жүк ташуучу автоунаа
55 жеңил автоунаа (пикап)
40 грейдер