Кыргызстандык студенттер Улуу Британия өкмөтүнөн стипендия ала алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Улуу Британиянын элчилиги 2014-2015-окуу жылына магистратура программасы боюнча Chevening стипендиясына арыздарды кабыл ала баштады. Стипендия дүйнө жүзү боюнча лидерлик сапаты бар, таланттуу студенттерге берилет. Улуу Британиядагы университеттерде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан студенттердин эки тараптык авиабилети төлөнүп берилет. Диссертация үчүн каражат бөлүнүп, күндүзгү окуусу жана визасы төлөнөт. Бардык каалоочулар арыз бере алышат, мамлекеттик башкаруу, коопсуздук, тоо-кен, геология тармагындагыларга маани берилет. Арыздар 8-ноябрга чейин кабыл алынат. Толук маалымат КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жазылган.