Депутат: "Миграция кызматын Тышкы иштер министрлигинин карамагына кошуу натыйжалуу болмок"

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Мамлекеттик миграция кызматын Тышкы иштер министрлигине кошуу натыйжалуу боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал мигранттардын өлкө экономикасы үчүн салымы чоң экенине токтолду. "2020-жылы пандемияга карабай, мигранттардан 2 миллиард 300 миллион сомдой каражат келди. Буга биздин жылдык бюджетибиз да жетпейт. Андыктан, миграция кызматынын артыкчылыктуу багыты эске алынып, тиешелүү гана министрликке кошуу керек. Тышкы иштер министрлигинин карамагына кошуу натыйжалуу болмок",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан