ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча 2003-2009-жылдардагы келишимдер азыр биздин колу-бутубузду бууп турат" деди. Ал келишимдер мыйзамдаштырылып калганы үчүн өкмөт көп нерсени жасоого тоскоолдук жаратып жатыптыр. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет дегендей болууда. Биз колдон келген аракетибизди жасап жатабыз",- деди Сатыбалдиев.
Ал депутаттарды негизсиз сын айтпоого чакырып: "2015-жылкы парламенттик шайлоо жакындап келе жатат. Эмне, ошого даярданып жатасыңарбы? Шайлоодо "мен "Кумтөр" боюнча мындай деп сүйлөгөм" дегени турасыңарбы?"- деди эле, төрага микрофонун өчүрдү. "Суроо бергениңер да, жооп бергениңер да сабырдуу болгула. Бул жерде шайлоо тууралуу эч кандай сөз болгон жок, азыр ал шайлоо депутаттардын оюнда да болбосо керек",- деди Асылбек Жээнбеков.