"Депутаттар колдоо күткөнбүз, бирок андай болгон жок",- деп бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
"Биз сын угуп көнүп калганбыз. Ортодон жакшы Баш мыйзам чыгарсак деген оюбуз, максатыбыз бар. Колубуздан келген ишти жасадык. Идеалдуу документ болду деп айта албайбыз. Кемчиликтер болду. Ошол эле убакта биз Жогорку Кеңештен колдоо күткөнбүз. Бирок андай болгон жок. Биз дагы конституциялык кеңешме катары эмес, Кыргыз жарандары катары жардам берели",- деди ал.
Учурда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралып жатат.