Кыргызстанда жылына 5 миң тонна бал өндүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрдагы маалымат жыйынында “Кыргыз балчылар биримдиги” коомдук уюмунун президенти Казим Каракетов билдирди. Мамлекет өз мүмкүнчүлүгүнүн 8 пайызын гана колдонуп жаткандыгын белгилеп, бал челектерди орнотуу аянттары боюнча маселени чечүү жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн насыяларды бөлүп берүү керектигин кошумчалады.