5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж экенин жарыялаганбыз. Буга чейин эл артисти чет өлкөгө медициналык кароо үчүн барары белгилүү болгон. Учурда ал Түркия мамлекетинде дарыланууда.
"Стамбулга келгениме эки аптадай болуп калды. Медициналык кароодон өттүм, дарыланып жатам. Баары жакшы. Азырынча операция жасалбайт экен. Салмагым туура келбейт дешти дарыгерлер", - деди ал.