Кызмат абалынан пайдаланып... Перуда чиновниктер элден биринчи СOVID-19га каршы эмдөөдөн жашыруун өтүшкөн

Перуда чиновниктер жашыруун түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн президенти Франсиско Сагасти билдирген деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.

Президент өлкөдө расмий эмдөө баштала электе эле 480ден ашуун адам, анын ичинде бир нече министрлер жана Перунун экс-президенти COVID-19га каршы жашыруун эмдөөдөн өткөндүгүн билдирген.

"Кытайда жасалган Синофарм вакцинасын алуу үчүн 487 адам кызмат абалынан пайдаланган. Алар өлкөбүздөгү клиникалык сыноолордо колдонулган вакциналарга кошумча болуп калган Синофарм вакцинасы менен эмделип алышкан. Бул жөнүндө бизге маалым болду", - деген Сагасти.

Перунун мурунку президенти Мартин Вискарра былтыр кызматта турганда жубайы Марибель Диас Кабельо менен эмдөөдөн өткөн жана бул маалыматты коомчулукка ачыкка чыгарган эмес. Эмдөөнү жашыруун түрдө алган чиновниктердин бардыгы эле мурдагы президенттин администрациясындагы адамдар эмес. Арасында учурдагы өкмөттүн бир нече мүчөсү, анын ичинде тышкы иштер министри да бар экендиги айтылат маалыматта.

Перу өлкөсү 7-февралда 300 миң доза Синофарм вакцинасын алып, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине таратып, Латын Америкасында эмдөө жүргүзгөн биринчи өлкө болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан