3 тургунунда коронавирус аныкталган Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бүгүн, 18-март күнү умра сапарынан келген Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 3 тургунунан коронавирус аныкталганы маалым болду. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Сузак райондук администрациядан билдиришти. Шартка ылайык кандай иш-чаралар жүргүзүлөт?

1) Коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
2) Эл массалык түрдө чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
4) Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга (райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары) жана транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.

Сузак Жалал-Абад районундагы калкы көп райондорунун бирине кирет. 2019-жылга Сузак районунда 294 миң 965 адам катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
souza.j
2020-03-18 10:45:09
Башталды.
+4
Kairat1996
2020-03-18 10:45:34
Эн туура кылышыптыр. Сузакты катуу текшеруу керек. Учоо Коптогон адамдарды жуктуруп койду болуш керек. Болду эми адамдар билинбей бирин бири жуктуруп журо беришет.
+5
katerina.li
2020-03-18 10:47:01
Жон эле отурушса болмок уйундо умра сумра деьей. Келгенде деле шыр текшеришпептирго
+5
bond02
2020-03-18 10:52:06
Умрадан жуккан болсо анда соз жок, алла сактайт деп жата бербей алдын алып текшеруудон отуп сактануу керек.
+3
patiydin
2020-03-18 10:59:25
bond02,Алла сактанганды сактайм Деген!
+8
bekbol2006
2020-03-18 11:04:33
Дуйнодогу кырдаалды билгенден кийин барбаш керек эле,озу эле оорубай Элгеда мушкул алып келишти
+3
asiret
2020-03-18 11:04:59
Умрадан келгендер болсо аэропорттон уйуно жеткиче дагы канча адамга жуктурушту, аны эч ким билбейт да.
+3
Ma9
2020-03-18 11:07:05
Келгенде Ажы той кылышкан канча адам барган кол берип учрашкан эми башкалар не болот кооптогон адамдар келген эх аэропортон кармаш керек болчу тааныш айылдаш акелерго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан