Ырчы Кудайберди Айтбосунов уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу менин жакындарым, достор. Бакыттын кыйкырыгы сыртка угулбайт экен, эзилип турам. Сүйүнчү! Кудайым буюруп уулду болдум. Алгач ата-энелерибизди неберелүү болушу менен куттуктайм! Өмүрлүк жарым, менин Айчүрөгүм сага рахмат, алмаштыргыс бакытымсың! Сүйөм сени ", - деп жазды Айтбосунов.
Кудайберди Айтбосунов 2019-жылы сүйүктүүсү Айчүрөк айымга баш кошкон. Бешик боосу бек болсун дейбиз.