Эркин Алымбеков: "Жакында фракцияда Жоомарт Оторбаев менен Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтык жоопкерчилиги каралат"
"Жакында "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтык жоопкерчилиги каралат". Муну ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында аталган фракциянын депутаты Эркин Алымбеков айтты. Бул сөз "Кумтөр" маселеси боюнча өкмөт башчы менен талаш-тартыш учурунда чыкты. Депутат премьер-министрди ишкана боюнча элдин кызыкчылыгына жооп бере турган меморандум алып келген жок деп сындады. Сатыбалдиев бул сүйлөшүүлөргө "Ата Мекен" фракциясынын өкүлдөрү Алмамбет Шыкмаматов менен Жоомарт Оторбаев катышканын айтты. Эркин Алымбеков: "Сиз "Центерра" менен сүйлөшүүдө "Ата Мекендин" же КСДПнын өкүлдөрү бар болчу деп жоопкерчиликти моюнга алуудан качып жатасыз. Антпеңиз, керек болсо алардын кызматтык жоопкерчилиги жакында каралат",- деди.