Каракол шаарында элди сабырдуулукка чакырган митинг өттү
Ысык-Көл обладминистрациясынын алдында бүгүн элди сабырдуулукка чакырган тынчтык митинги өттү. Каракол шаарындагы 100дөй адам чогулуп, көлдүктөрдү маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө үндөп турушту. Алар "Кумтөр" маселесин чечүүгө өкмөткө убакыт берүү керектигин белгилешип, тарап кетишти.