Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Самат Насирдинов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Самат Насирдинов буга чейин "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.