Нарын облусунун административдик сотуна судья дайындалды

Жергиликтүү соттун судьясы дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн 1 талапкерге сунуш келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган талапкерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров аны судьялык кызматка дайындоо боюнча кеңештин сунушуна макул болду.

Президенттин тийиштүү жарлыктары менен Азис Кудайбергенов жергиликтүү соттун судьялык кызматына дайындалып, ал Нарын облусунун административдик сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан