Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн дагы 4 партия документ тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 20-февралда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов тастыктады.
"Замандаш", "Реформа", "Биздин эл", "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы шайлоого катышуу үчүн билдирүү беришти. Муну менен жалпы 20 партия шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды.
Буга чейин төмөнкү партиялар шайлоого аттана турганы белгилүү болгон. "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Патриот” , “Социал-демократтар”, “Улуу журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ата Мекен”, “Легалайз”, "Ыйман нуру" , "Жашылдар партиясы", "Ишеним", "Ата-Журт", "Бирге-Вместе", "Эркин тандоо", "Кыргызстан коммунистер партиясы" жана "Ынтымак" партиясы.