Райымбек Матраимовду Биринчи Май райондук сотуна алып келди

Райымбек Матраимовду Биринчи Май райондук сотуна алып келди. Учурда анын баш коргоо чарасы каралууда.

Райымбек Матраимовдун колдоочулары Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулушту.

Митингге чыккандар колдоруна “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошоткула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырды?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан