Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралууда.
Райымбек Матраимовдун колдоочулары соттун имаратынын алдында Матраимовдун боштондугун талап кылышууда. Алар "пандемияда Матраимовдой болуп элге эч ким жардам берген жок" деп айтышууда.
Митингге чыккандар колдоруна “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошоткула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырды?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.