Эльнура Алканова: "Райымбек Матраимовдун жактоочулары 5 күндүн ичинде аппеляциялык арыз менен сотко кайрылат"

Райымбек Матраимовдун жактоочулары 5 күндүн ичинде аппеляциялык арыз менен сотко кайрылат. Бул тууралуу митингде журналист Эльнура Алканова билдирди.

"Биз азыр жөн таркабайбыз. Жактоочулар 5 күндүн ичинде аппеляциялык арыз менен сотко кайрылат. Биздин тынчтык митингибиз мөөнөтсүз уланат. Райымбек Матраимовду колдоо комитетин негиздедик. Азырынча кеңсебиз жок болуп жатат. Кеңсени тапканда дарегин айтабыз. Митингге келип бергендерге ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды.

18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан