Талас облусу боюнча 9 ай ичинде 101 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрь күнү Талас шаардык ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Өрт кырсыгы жалпысынан 4 863 400 сомдук материалдык чыгымга алып келген. Өрт учурунда түтүнгө ууланып, күйүк жаракатынан 7 адам каза тапкан.
Өрттөнгөн автоунаалардын саны 5, турак жайлар 16, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 3 базар жана башка объектилерде 76 өрт кырсыгы болгон.