Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры 6-театралдык сезонун ачты. Аталган театрдын директору Кубан Эстебесовдун билдиришинче, 9-10-11-октябрда Хамза Хакимзааденин “Аялдардан шаң кече”, Тахир Мухаммадризонун “Периштенин махабаты” жана Иброхим Содиковдун “Апендинин 5 катыны” спектаклдери тартууланмакчы.