Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган партиялардын саны 22ге жетти.
"Кыргызстан жаштар прогрессивдүү партиясы" жана "Ак-Бата" партиясы документтерин тапшырды.
Буга чейин төмөнкү партиялар шайлоого аттана турганы белгилүү болгон. "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Патриот” , “Социал-демократтар”, “Улуу журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ата Мекен”, “Легалайз”, "Ыйман нуру" , "Жашылдар партиясы", "Ишеним", "Ата-Журт", "Бирге-Вместе", "Эркин тандоо", "Кыргызстан коммунистер партиясы", "Ынтымак", "Замандаш", "Реформа", "Биздин эл", "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы.