Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо үгүт өнөктүгү биринчи жолу теледебаттар аркылуу өтөт

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, азыркы тапта буга байланыштуу коомдук канал менен сүйлөшүү иштери жүрүүдө.

“11-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу талапкерлердин шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүсүнө, массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялоону партияларга жана талапкерлерге сунуш кылып жатабыз. Албетте, бул кырдаалга жараша.

Негизи мурун жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо алдында мындай үгүт формасы өткөрүлгөн эмес. Андан тышкары борбор шаарында, Ош жана башка облустардагы саясий партиялардын деңгээлин, алардын программасын, партиянын курамындагы талапкерлерди элге кенен жеткирүү максатын да көздөйт.

Азыр телерадио компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул үгүт өнөктүгү талапкерлер жөнүндө максималдуу маалыматты камсыздайт”, - деди Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан