Монголия коронавируска каршы эмдөөнү 23-февралдан баштоону мерчемдеп жатат

Монголиянын өкмөтү катуу карантиндик чаралар киргизилгенден кийин, дүйшөмбүдөн баштап калкты COVID-19 вирусуна каршы эмдөөнү баштоону пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Монголиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын айтымында, буга чейин жарандарды 23-февралдан баштап эмдөөнү баштоо планы иштелип чыккан. "Учурда вакцинанын төрт түрүн алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биринчи этапта Монголия "Pfizer" жана "AstraZeneca" вакциналарын алат", - деген министр.

Pfizer вакцинасы -70 градуста сакталууга тийиш, бул талапка жооп берген кампа жана шаймандар толугу менен камсыздалган.

“Өлкөнүн калкынын 20 пайызы "Covax" программасынын каржылоосунун эсебинен эмделет, жалпысынан калктын 60 пайызы эмдөөгө тартылат. Калкты эмдөө башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлүшү керек. Бул маселе толугу менен чечилип, Каржы министрлиги тарабынан бекитилген. Калктын 60 пайызы эмделе тургандыгынын себеби, биздин өлкөдө 18 жашка чейинки калктын саны 1,2 миллион.

Коронавируска каршы вакциналар 16 жаштан жогорку курактагы адамдарга, айрымдары 18 жаштан жогору адамдарга сунушталат, бул калктын 60 пайызын түзөт”, - деген аталган өлкөнүн министри.

Монголияда COVID-19дун расмий түрдө тастыкталып катталган учурлары 2 миң 383тү түзгөн. Ал эми 11-февралда Монголиянын борборунда 12 күндүк катуу карантин башталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан