Бир нече жыл мурун азыркы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түзгөн "Мекенчил" партиясы жергиликтүү кеңештерге жана парламенттик шайлоолорго катышпайт. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адинай Марипова Facebook баракчасына маалымат жарыялады.
Анын айтымында, шайлоого жаңы саясий партия катышат.
"11-апрелдеги шайлоого "Мекенчил" партиясы барбайт экен, чынбы?" деп сурап жатышат. Ооба, чын. "Мекенчил" партиясы парламенттик шайлоого да катышпайт", - деп жазды Марипова.