Кыргызстандык студенттерге Иранда билимин улантууга 5 гранттык орун бөлүнөт

Бишкек гуманитардык университетинде 9-октябрда өткөн “Иран менен Кыргызстандын маданий жалпылыктары”  аттуу семинарда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи Хошруди  Иран Ислам Республикасынын жогорку окуу жайларындагы аспирантура жана докторантурада билимин улантуу үчүн кыргызстандык студенттерге 5 гранттык орун бөлүнө турганын айтты. Али Наджафи Хошруди: “Иранда чет элдик билим берүүгө да чоң маани берилет. Биз бул багытта Кыргызстан менен да кызматташып, каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Быйыл Ирандагы ЖОЖдордун аспирантура жана докторантурасында билимин улантууга 5 кыргызстандык студентке гранттык орундар бөлүнөт”,- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан