Интернетте муфтияттын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткандагы делген видео тарады.
Видеодон адамдардын акча жөнүндө сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеонун аягында УКМК кызматкерлери келип, аларды кармап, алдын-ала беренесин айтып жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Ал эми муфтияттын башкы бахгалтерин эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизишкен.