Америкада эмгектенип жүргөн белгилүү ырчы Эрлан Андашев уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
"Сүйүнчү достор, Аллах Тааланын каалоосу менен уулдуу болдук. Буюрса, уулубуз жалпы адамзатка пайдасы тийген инсандардан болсун. Баардыгы үчүн Жаратканга шүгүр. Ысымын Халид деп койдук", - деп жазган ырчы.
Эрлан Андашев жубайы Перизат Көпөбаева менен 2010-жылы баш кошуп, 2011-жылы Раяна аттуу кыздуу болушкан.