"100 миң сомдук сертификат". Премьер-министр Улукбек Марипов Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө барды (сүрөт)

Премьер-министр Улукбек Марипов Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүндө болуп, Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Анда Марипов аскер бөлүгүнүн аскердик техникалары, куралдары жана аскер кызматкерлеринин тамактануусун уюштуруу менен таанышкан.

16-февралда премьер-министр аскер кызматкерлеринин азык-түлүк рационунун чендерин жогорулатуу жөнүндө чечимге кол койгон. Ага ылайык, колбаса, сыр, коюлтулган сүт жана жемиштерди камтыган кошумча азык-түлүктөр аскердик рационго киргизилген.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин тамак-ашын жана ден соолугун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк рационунун коэффициенти 2002-жылдан бери өзгөргөн эмес болчу.

Өкмөт башчы аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, аларга күжүрмөн даярдыкта ийгиликтерди каалаган. Ошондой эле жеке курамдын бош убактысын өркүндөтүү жана күжүрмөн даярдыкты өткөрүү үчүн ири форматтагы мультимедиа проекторун сатып алууга 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү үчүн сертификат тапшырылганы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан